Англиялык Гэри Смарт менен Лаура өспүрүм кездеринен эле тааныш болуп, достошуп жүрүшкөнү менен үйлөнүүгө шашылышкан эмес. Алардын үйлөнүү үлпөтү абдан аянычтуу өткөнүн чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын июль айында 33 жаштагы Гэри жумуштан кайтып келгенден кийин эле абалынын жакшы эмес экенин сезип, көкүрөгү менен бели ооруп жатканын айткан. Көп өтпөй эле алсыз болуп, арыктап, оорудан улам уктай албай калган. Ооруканага барганда ага дарыгерлер суук кабар угузушкан. Тактап айтканда, анын өпкөсүнөн дарыгерлер суу алышып, ал залалдуу шишик оорусуна кабылганын жана өмүрүнүн аякташына аз калганын айтышкан. Ошол учурда Гэри акыркы каалоосу - үйлөнүп каза болууну каалай турганын айткан.
"Ал сүйгөн кызы Лаура менен бир жылдан кийин үйлөнүүнү пландап жүрүшкөн. Бирок дарыгерлер ага илдети тууралуу айтканда бул саамалыкты эртелетүүнү каалаган", - деп жазылат маалыматта.
Лаура: "Биз дайыма убакыт кенен деп шашчу эмеспиз. Бирок дарыгерлер "аз калды" дегенде ал мага үйлөнүү сунушун айтты. Оорукананын кызматкерлери өздөрү бизге үйлөнүү үлпөтүн уюштурууга жардам көрсөтүштү", - деген.
Үйлөнүү тоюна келгендер Гэринин жакшылыгы менен куттуктап да, ичинен ал менен коштошуп да турушкан. Үйлөнүү тою өткөндөн кийин ал да, жубайы да уктап калган.
"Мен эртең менен ойгондум. Бирок Гэри ойгонгон жок. Биз жубайлар болуп 7 саат жашадык. Мен ага турмушка чыкканыма кубандым", - деген Лаура.