Депутаттар экономика министри 2020-жылы ишке аша турган долбоорлор тууралуу баяндама жасашы керектигин айтышты

Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында бюджет долбоору каралып жатат.

Анда депутат Мыктыбек Абдылдаев экономика министринин дагы баяндамасын угуу керектигин айтты. "2020-жылы кандай долбоорлор ишке аша турганы боюнча экономика министри маалымат бериши зарыл", - деди. Депутат Аалы Карашев Абдылдаевдин сөзүн колдоп, экономика министри көрсөткүчтөр боюнча маалымат бериши керектигин билдирди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков жыйында экономика министри Санжар Муканбетов отурганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан