Ош облустук ооруканасынын короосунан жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнү такталды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнү такталды. Ал 50 жаштагы А.Э. аттуу жаран болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум Кара-Суу районунун тургуну. Ал үйүнөн чыгып кетип, Ош шаарында жүргөн. Анын туруктуу жашаган жери жана иштеген иши болгон эмес. Ошондой эле ал спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөн.

Буга чейин оорукананын короосунан жансыз дене табылган. Анын короодо жатканына болжол менен бир жарым айдай убакыт болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks_shop
2019-10-29 22:41:43
Акчан болбосо эч ким карабайт ал жерде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан