Актриса жана бийчи Назбийке Айдарова сүйүктүүсү Саламат Абдырахмановго турмушка чыкты. Актрисанын кыз узатуу тою кечээ, 28-октябрда өттү.
Назбийке Айдарова "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде жигити менен баш кошууну пландап жатышканын билдирген. Саламат Абдырахманов бийчи. Ал буга чейин "Тумар КР" тобунда бийлеп келген.
Актриса "План Б", "Симулянттар", "ЖинМЭН", "Напарниктер" тасмаларында роль жараткан. Мындан тышкары, ал белгилүү ырчылардын клиптерине тартылгын.