КҮНСОБОЛ: Ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Жээнбеков, комитет башчылары Рыспаев, Иманалиев, Дыйканбаев дагы Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча жоопкерчиликке тартылышы керекпи? Дүйшөбаев: "Алар жоопкерчиликке тартылбашы керек"

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Сапар Исаковдун жактоочулары маалымат жыйын уюштурушту. Алар парламент ЖЭБди модернизациялоодо кытай насыясы тууралуу документти тездетилген ыкма менен 3 окууну бир жолу карап чыгышканын айтышты. Жактоочулар ошол учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду жана 3 парламенттик комитеттин төрагалары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев жана Курманбек Дыйканбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

SUPER.KG порталы "Ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, комитет башчылары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев дагы Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча жоопкерчиликке тартылышы керекпи?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев билдиргендей, алар президенттик аппараттын сунушу менен долбоорду колдоп беришкен. "Алар жоопкерчиликке тартылбашы керек. Анткени алар түздөн-түз президенттик аппараттан түшкөн сунушту колдоп беришкен. Президенттик аппарат эл үчүн, мамлекет үчүн долбоорду колдоп бергиле деп кайрылышкан. Жогоруда аты аталгандар бул жерде уурулук ниет бар экенин билишкен эмес. Депутаттар ЖЭБди жаңылоо иштери болот, шаар үчүн жакшы иш кылалы деп аракет кылып долбоорду кабыл алышкан", - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан