КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Парламенттик башкаруу өлкөсүндө жашаганыбыз менен реалдуу жашоодо президенттик аппарат бардык бийлик бутактарына басым кылып келет". КҮНСОБОЛ

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Сапар Исаковдун жактоочулары маалымат жыйын уюштурушту. Алар парламент ЖЭБди модернизациялоодо кытай насыясы тууралуу документти тездетилген ыкма менен 3 окууну бир жолу карап чыгышканын айтышты. Жактоочулар ошол учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду жана 3 парламенттик комитеттин төрагалары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев жана Курманбек Дыйканбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

SUPER.KG порталы "Ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, комитет башчылары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев дагы Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча жоопкерчиликке тартылышы керекпи?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов президенттик аппарат чечүүчү орган болуп келгенин айтты. "Биз 2010-жылы парламентаризмге багыт алып, ошого жараша Конституция да өзгөргөн. Конституциянын алдындагы мыйзамдар дагы ошол жакка бурулуп өзгөртүлгөн. Чындыгында формалдуу, юридикалык түрдө парламенттик башкаруу өлкөсүндө жашаганыбыз менен реалдуу жашоодо буга чейин айтып келгендей, президенттик аппарат бардык бийлик бутактарына басым кылып турган. Атамбаевдин убагында ошондой болуп турган, азыр деле өзгөргөн жок. Ошол убакта формалдуу түрдө балким, Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги болсо дагы президенттик аппарат чечимдерди аткарууда эң чечүүчү орган болгонун түшүнүп турабыз. Ошондуктан жактоочулардын айтканы жүйөлүү, алар укукка, мыйзамга таянып айтып жатышат. Бирок чындыгында чечүүчү ролду парламент аткарды дегенге ишенбейм. Бул жерде биринчи кезекте президенттик аппарат эң негизги орган болгон", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан