Кыргыз мушкери Рафаель Физиев 26-октябрда Сингапурда UFC уюмунда карьерасындагы экинчи беттешин өткөрдү. Анда ал америкалык Алекс Уайтты жеңип алган.
Бул беттеши үчүн Физиев жалпы 23 миң 500 доллар каражат алды. Анын 10 миң доллары беттешке катышкандыгы үчүн, 10 миңи жеңгени үчүн жана калганы жарнамадан тапкан акчасы.
Ал эми анын атаандашы Алекс Уайт 21 миң доллар тапкан.
Күндүн беттешине чыккан Бен Аскрен 263 миң 500 доллар жана Демиан Майя 250 миң доллар алышкан.