Индияда үч суткадан бери тереңдиги 180 метр болгон кудуктан изделип жаткан 2 жаштагы бала каза болуп калды

Индияда үч суткадан бери тереңдиги 180 метр болгон кудукка түшүп кеткен 2 жаштагы баланы чыгара албай жатышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда Сужит Уилсон аттуу наристе достору менен ойноп жатып, кокусунан кудукка түшүп кеткен. Алгач бала 10 метр тереңдикте турган бирок кечээ ал андан да терең кирип кеткени маалым болгон.

Бүгүн, 29-октябрда куткаруучулар баланы куткаруу үчүн атайын техникаларды, курулушта пайдалануучу бийик крандарды тарткан. "Куткаруучулар атайын каражаттардын жардамы менен кудукка аба киргизип жатышат. Бул баланын дем алып туруусу үчүн жасалып жаткан аракеттер. Азырынча баланы куткаруу операциясынан эч майнап чыкпай жатат", - деп айтылган маалыматта.

Бирок куткаруу иштеринен майнап чыкпай, наристе каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jacob.
2019-10-29 18:46:01
180 метр кудук?
-1
Munarbek98
2019-10-29 23:15:38
Jacob., Скважина наверно. (Кыргызчасын билбейт экем)
0
Taku.14.02
2019-10-29 19:13:56
30 метр турбадан аба жетпей калат 180 метрде элестетиш кыйынго
0
bond02
2019-10-29 19:57:48
Мурда да ушундай окуя болгон Индияда.
0
katerina.li
2019-10-30 17:25:21
180 метр ден кацдан аман калмак эле. 50 этаж уйдун бийиктиги почти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан