Бишкектеги Көк-Жар айылында белгисиз эки жаран 22 жаштагы жигитке карата ок чыгарган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 23-октябрда 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Арыздануучу белгисиз эки жаран аны сабап, тапанча менен атканын айтып, аларга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өлүмгө жеткирүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө амалдарынын алкагында, жабырлануучу менен шектүүлөрдүн бири телефон менен сүйлөшүп жатканда пикир келишпестик орун алганы маалым болгон. Көп өтпөй алар Көк-Жар айылындагы үйлөрдүн биринен жолугушкан. Бирок алардын сүйлөшүүсү урушка айланып, шектүүлөр жабырлануучуну уруп, тапанча менен атып, изин жашырып качып кетишкен. Иликтөө иштери улантылып, шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталган. Учурда шектүү делинген жарандар издөөдө. Аларга карата сыртынан камакка алуу чечими чыкты.
Тергөө амалдары улантылып, тийиштүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады басма сөз кызматынан.