Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалым болгондой, 8 медалдар топтому ойнотулуп, жалпы 66 мушкер катышат. Бул чемпиондукка республиканын эң мыкты делген спортчулары катышат.
Финалдык беттештер 31-октябрда орун алат.