13-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 171 миллион метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2012-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч 17 миллиард 117 миллион метр кубду түзгөн. Аталган суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 763 метр куб, суунун агып чыгышы 358 метр кубду түзүүдө. Былтыр 13-августта суунун агып кириши 490 метр куб, агып чыгышы 397 метр кубду түзгөн.