Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-октябрда милицияга 11 жаран кайрылган. Анда шектүүлөр 2018-жылдын сентябрь айынан бери жарандардын ишенимине кирип, АКШга жана Норвегияга виза жасап берүүнү айтып, акчаны алгандан кийин изин жашырышкан. Жабырлануучулар жалпы 96 миң долларлык чыгым тартышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 1973-жылы туулган З.Ж. жана 1960-жылы туулган О.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан