Депутат Бакыт Төрөбаев өкмөт соттук-укуктук реформа боюнча мыйзам долбоорун алып келбей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз сот-укуктук реформа боюнча талкуулап, токтом чыгарганбыз. Фракция бул маселени тереӊ талкуулады. Башкы прокуратура, УКМК, министрликтер абдан көп иш жасап, мыйзам долбоорун иштеп чыгыптыр. Мыйзам долбоору азыр өкмөттүн аппаратында жатат. Эмне алар мыйзам долбоорун туздап жешеби? Алып келишпейби. Ноябрь айында мыйзам долбоорун тез арада Жогорку Кеңешке алып келишсин", - дейт Төрөбаев.