Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Мелдештин алгачкы күндөрү эркин күрөш боюнча беттештер өтүүдө.
61 килограмм салмакта кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков күч сынашып, финалга чейин жетти. Ал 1/16 финалда түрк балбанын 15:6 эсебинде, 1/8 финалда украин спортчусун 6:5 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда Жолдошбеков казак балбаны Даулет Тажибайды 6:0 эсебинде утуп, жарым финалга бет алган.
Финалга чыгуу үчүн күрөштө япон балбаны Рүтаро Хаямага эч мүмкүндүк бербей, 12:1 эсебинде жеңип чыкты. Эми Улукбек Жолдошбеков финалда индиялык Равиндер Равиндер менен кез келип, алтын медаль үчүн күрөшөт.
Финалдык беттеш бүгүн, 30-октябрда Бишкек убактысы менен 23:00дө башталат.