UFC уюмунун президенти Дана Уайт Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун ортосундагы беттешти уюштуруу иштери башталганын билдирди. Бул тууралуу ал америкалык каналдардын бирине берген маегинде айтты.
"Бул беттешти болтурбоого эч тоскоолдук жок. Уюштуруу иштери башталды. Талашсыз, бул беттештин болор сааты келип калды", - деп айткан Дана Уайт.
Дана Уайттын айтымында, бул беттеш 2020-жылдын март-апрель айларында болуп калышы мүмкүн.
Буга чейин Хабиб менен Фергюсондун ортосундагы беттеш ар кандай себептерден улам төрт жолу болбой калган.