Эрназар Акматалиев күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 5-орунду алды

Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Мелдештин алгачкы күндөрү эркин күрөш боюнча беттештер өтүүдө.

Анда 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев жарым финалга чейин жете алган. Анда япон балбанына 1 упайга жеңилип, коло байге үчүн күрөшмөк.

Коло байге үчүн күрөштө украин балбаны Игорь Никифорюк менен кез келип, кызуу беттеште 8:8 эсеби катталды. Жасаган ыкмалары үчүн украин балбаны жеңүүчү деп табылды. Жыйынтыгында Акматалиев 5-орунду алып калды.

Эрназар Акматалиев чемпиондуктун эң кызыктуу беттештерин тартуулаган балбандардын катарына кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан