Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Премьер-Лигасында 26-турдук оюндар болуп өттү. Анда Кочкор-Атада "Нефтчи" Бишкектин "Дордой" клубун кабыл алды.
Эгерде бул оюнда "Дордой" жеңишке жетишсе, анда чемпиондукту багындырмак. Бирок оюн учурунда Азамат Өмүралиев жалгыз голду киргизип, "Нефтчиге" жеңиш алып келди.
Буга чейин "Нефтчи" 27-октябрда өлкө Кубогунун финалында "Дордойду" 1:0 эсебинде жеңип алган.