Facebook социалдык түйүнүнүн эң кары колдонуучусу, британиялык Лилиан Лоу (Lilian Lowe) 103 жашта. Ал бул тармакка жумасына 2 жолу кирип, өзүнүн чөбөрөлөрү, неберелери менен сүйлөшөт экен. Бул чоң эненин аталган социалдык түйүнгө кошулганына аз болсо да, аны менен достошкусу келген интернет колдонуучуларынын саны миңден ашуун. Белгилей кетсек, “Pew Research Center” борборунун аналитиктери 2010-жылы 46-55 жаштагы Facebook`ту колдонуучуларынын саны абдан көбөйгөнүн билдиришкен.