Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты

Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Мелдештин үчүнчү күнү кыз-келиндер арасында күрөш боюнча беттештер өтүүдө.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы 1/8 финалда италиялык атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, чейрек финалга жолдомо алган. Анда канадалык балбанды 10:0 эсебинде утуп алды. Жыйынтыгында мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал япон балбаны менен кез келет.

Назира Марсбек кызы 57 килограмм салмакта 1/8 финалда украин балбанына жеңилип калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nazar76
2019-10-30 20:33:38
Ийгилик каалайм
+1
rysik79
2019-10-31 09:31:56
Айсулуунун жолун жолдо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан