“Күрмөнтү цемент" ишканасы боюнча соттук отурум башка күнгө жылдырылды
Ысык-Көл райондук соту “Күрмөнтү цемент” ишканасынын
банкрот болуусу боюнча өтчү соттук отурумду башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу 13-августта
Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин директору
Болсунбек Казаков билдирди. Айтымында, соттук иш аталган
департаменттин өтүнүчүнүн негизинде жылдырылды.
Учурда департамент тарабынан ал ишкананын инвестициялык программасы каралып жатат.
Программа менен толук таанышып чыккандан кийин гана бир чечим кабыл алынат.