"Бир күндө эле картайып кеткен го". Моника Беллуччинин сүрөтү талкууга алынды

Белгилүү кино жылдызы Моника Беллуччинин папараццичилердин кылтагына илинген сүрөтү күйөрмандарын таң калтырды. 55 жаштагы актриса сүрөттө кары көрүнгөнү талкууга алынды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Моника Беллуччи Рим шаарындагы үйүнөн чыгып бара жатканда папараццичилер сүрөткө тартып алганга үлгүрүшкөн. Журналдардын башкы бетинен дайыма жапжаш болуп көрүнгөн актриса бул сүрөттө серт көрүнгөн. Муну интернет колдонуучулардын пикирлеринен улам баамдаса болот.

"Ал бир күндө эле картайып кеткен го. Бырыштары өтө эле көп экен". "Убакыт баарына катаал болот. Керек болсо Моника Беллуччи дагы 55 жашында картаң көрүнөт". "Менимче бул сүрөттү жасап койгон. Анткени Моника Беллуччи жашың канчада болсо дагы дайыма сулуу болуп калууга мүмкүн деген ишенимди жараткан". "Албетте, кебетеси өзүнүн жашына туура келет. Ошентсе дагы ал дайыма саркеч кийинип жүрөт" деген пикирлерин калтырышкан.

Талкуу жараткан сүрөт интернетке тараганга чейин актриса орусиялык журналдын башкы бетине чыга турган сүрөтү менен бөлүшкөн. Анда актриса дайымкыдай жаш көрүнөт.

Моника Беллуччи - дүйнө жүзүнө белгилүү болгон "Сулуулук дүйнөнү сактап калат" аттуу ураандын автору, италиялык актриса, модель. Аны күйөрмандарынын көбү сулуулуктун эталону деп эсептешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sakubek
2019-10-30 22:26:46
Бир кемпир да бул
+1
Aidar.001
2019-10-30 22:34:32
Ушул аялдын сулуулугуна анан Тенирчилерге ишенбей эле Аллах Таалага ишенип эле жашайлычы! !!
-2
Wibee
2019-10-30 23:02:32
Aidar.001,бее десе тоо,бетини кара коо дейсинда
+8
Skarlett-Skarlett
2019-10-31 00:02:56
Сулуу аял чындыгында
+9
Aikaaaa
2019-10-31 00:51:25
Баары бир убакыт өзүнүкүн алат
+6
Munarbek98
2019-10-31 01:09:18
Чыккан кун батпастан башка аргасы жок, жашылданып оскон дарак курубастан башка аргасы жок. Бул да адам картайат да албетте. Бирок ар дайым озуно кам коруп карап жургону талашсыз
+9
Saidochka
2019-10-31 06:38:54
Жаратылыштын мыйзамынын алдында баары бирдей,55 жашта болсо,ошо 55 жаштагыдай болуп турат.жаш эмес да уже.аны талкуулаштын да кажети жок,бул да биздей эле адам
+2
bond02
2019-10-31 11:46:48
Карыбаган адам жок.
+2
Jasi.jasi
2019-10-31 14:26:34
Ким картайбайт экен,баарыбыз карыйбыз,бул нерсеге тан калыштын кажети жок!
Моника жашында чындыгында суктанаарлык сулуу болгон.Азыр деле ухоженная.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан