Жатак абактан качып кетип, издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусияда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү жаран 2000-жылы Баткен гарнизонунун аскер соту тарабынан соттолгон. Ал граната жана тапанчанын окторун уурдаган. Бул боюнча ал күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатып, кийинчерээк жатак абакка которулуп, андан соң качып кеткен.
Шектүү Москва облусунда колго түшүрүлгөн. Учурда аны Кыргыз өлкөсүнө алып келүү маселеси каралууда.
.