Twitter саясий жарнамаларды чыгарууга тыюу салат

Twitter саясий жарнамаларга тыюу салат. Twitter компаниясы саясий жарнамалар добуш алуу үчүн колдонулушу жана миллиондогон жарандардын жашоосун өзгөртүшү мүмкүн деп эсептейт. Ошондуктан мындай жарнамаларды чыгарбоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу маалыматты чет элдик ЖМКлар жазышты.

Маалыматта жазылгандай, компаниянын генералдык директору Жек Дорси "Биз дүйнө жүзүндөгү Twitter баракчасында саясий жарнамаларды чыгарбоо чечимин кабыл алдык. Саясий идеяларды сатып албай, ал үчүн эмгектенүү керек деп ойлойбуз. Коммерциялык жарнама интернетте чоң пайда алып келет. Бирок ал добуш алуу үчүн болсо, кооптуу абалды дагы жаратышы мүмкүн. Себеби ал миллиондогон адамдардын жашоосун өзгөртүшү ыктымал", - деген.

Жек Дорсинин айтымына караганда, чектөө 22-ноябрда күчүнө кирет. Twitter компаниясы 2006-жылы 16-июлда өз ишин баштаган. Компания Жек Дорси, Эван Уильямс, Биз Стоун тарабынан түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан