Дарыгер: "Бишкекте аёосуз сабалган 60 жаштагы жарандын баш мээси чайкалып, көзүнөн жаракат алган"

Бишкекте аёосуз сабалган 60 жаштагы жарандын баш мээси чайкалып, көзүнөн жаракат алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жабырлануучу жарандын абалы канааттандырарлык.

"Бизге К.Б. аттуу жаран кечээ, 30-октябрда саат 14:15те келип түшкөн. Тийиштүү бардык иштер аткарылууда", - деди дарыгер.

Буга чейин Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы кишини белгисиз жаран аёосуз сабап кеткени тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан