Депутат Жамалдинов Ветеринардык инспекциянын ишин сындады

Депутат Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин сындады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө аталган инспекциянын иши начарлап кетти. Идентификация башталып аягына чыккан жок. Инспекциянын ардагерлери кайрылып, туура эмес иш жүрүп жатканын айтышууда. Ишти жеке менчиктерге берип койду. Базардагы лабораторияларды жеке менчик тарапка берип, алар маалым кат берип жатышат. Лабораториядагы жабдыктар мамлекетке тийиштүү. Жеке менчиктерге акча каражат түшүп жатат. Азык-түлүккө болгон коопсуздук бар. "Ош базарында", "Аламүдүн" базарында абал начар, эч кандай көзөмөл жок. Алдын ала карабасак эртең оору чыгып, бардык элдерге зыяны тийип калат", - дейт Зиядин Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан