Жогорку Кеңеште Мамлекеттик лотерея компаниясынын дайыны чыкпай калганы айтылды

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Мамлекеттик лотерея компаниясынын дайыны чыкпай калганын айтты.

"2016-жылы мамлекет пайда тапсын деген ниетте Мамлекеттик лотерея компаниясы түзүлгөн. Анын бутуна тургузуу максатында 10 миллион сом бөлүнгөн, ал эми 2018-жылы 20 миллион сом берилген. Ошондон бери ал компаниянын таптакыр дайыны чыкпай калды. Компания азыр эмне кылып жатат? Компания мамлекеттик бюджетке кандайдыр бир пайда алып келиши керек да. Кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилгенде өкмөт каршы болуп, бир жылдан кийин лотереядан мамлекеттик бюджетке 150 миллион сом түшөт, ал эми эки-үч жылдан соң 300 миллион сомго чейин каражат түшөт деп айткан. Менин оюмча, ошондон бери бир тыйын да түшкөн жок. Өкмөт бир нерсени айтардан мурун жакшылап ойлонушу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан