Шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат

Шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда SUPER.KG порталына депутат Исхак Масалиев билдирди.

"Конституцияда депутат шайланат деп жазылган. Ошондуктан биз буга жакындатуу үчүн сунуш берип жатабыз. Шайлоочу биринчи кезекте партиялардын бирөөнө добуш берип, андан кийин партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш беришин сунуштап жатабыз. Ошондо элдин көңүлүндөгү адамдар депутаттык мандатка ээ болушат. Бул мыйзам долбоору бүгүн, эртең коомдук талкууга коюлат", - дейт Масалиев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Исхак Масалиев жана Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан