Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт.
Кыз-келиндер арасында 76 килограмм салмакта күч сынашкан Медет кызы 4 атаандашын катары менен жеңип, жарым финалга чыккан. Анда япон балбаны менен кез келип, 8:3 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду.
Эми кыргыз балбаны коло медаль үчүн бүгүн, 31-октябрда күрөшөт.