“Сен кат жаздың” деген ыры менен калың журтка таанылган ырчы Минюра Рахимжанова Ташкентте өтчү эл аралык сынакка аттанууда. Сынакка ал музыкалык студиясында тарбияланган окуучулары менен барат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн, 31-октябрда эки окуучум менен Ташкентте өтчү “Fresh drive” деген көп жанр искусствосунун эл аралык сынагына аттанып жатабыз. Сынактын шарты боюнча, бир дүйнөлүк хит, бир өзүбүз каалаган ырды аткаруубуз керек. Биз эки дүйнөлүк хитти трио кылып ырдайбыз. Мен буга чейин эл аралык сынактарга катышып жүргөнүм белгилүү. Сынакта эки окуучума басым жасап, өзүм бэк-вокал жактан жардам берем", - дейт Минюра.
Белгилей кетсек, “Fresh drive” искусство сынагы таланттуу жаштарды колдоо иретинде Казакстанда уюштурулуп, буга чейин Алматы шаарында өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр ачык добуш берүү менен аныкталып, баш байге ээси 1000 доллар акчалай сыйлыкка татыйт.