Билим берүү жана илим министри: "Буга чейин 14 миң сом айлык алган мугалим эми 19 миң сом алат"

Бүгүн, 31-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйын берүүдө. Ага министр Каныбек Исаков да катышууда. Маалымат жыйын өлкөдөгү мугалимдердин айлык акысын көтөрүү токтому тууралуу өтүп жатат. Буга чейин октябрь айынан тартып билим берүү жаатындагы кызматкерлер жогорулатылган айлыкты алыша тургандыгы маалымдалган.

Каныбек Исаков региондордогу бир катар мугалимдердин буга чейин алып жүргөн айлык акысынын суммасына токтолуп, алардын көбөйгөндөгү акчасы канча болорун айтты.

"Буга чейин 8 миң 600 сом айлык акы алып жүргөн мугалим эми 11 миң 639 сом алат. Жети-Өгүз районундагы мугалим буга чейин 12 миң 975 сом алган, эми ал 17 миң 145 сом алат. Жалал-Абаддын Токтогул районунда 18 саат менен иштеген 7 жылдык тажрыйбасы бар мугалим 13 миң 8 сом алса, октябрда 18 миң 355 сом алат. Кара-Кулжада 20 саат менен иштеген мугалим 14 миң 135 алса эми 19 миң сом алат", - деди ал.

Министр белгилегендей, өлкөдө жогорулатылган айлыкты 120 миң мугалим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2019-10-31 13:44:44
ПРогресс ... Мына министр деген ушунудай иштеши керек керт башын ойлобой.
-2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-31 13:53:35
Мугалим экениме өкүнбөй калдым)
+5
chake
2019-10-31 13:56:08
президент берген убадаларын акырындан ишке ашырып жатат
-2
Ernestinio
2019-10-31 13:56:48
жаш мугалимдерге да мотивация болот. айлыктар которуло берсин
+1
aza84
2019-10-31 16:18:12
Менин кобойбоптур анткени озунун диплому боюнча журналистика бирок сабак берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан