Пакистанда поезд күйүп кетип, 65 адам өмүрү менен кош айтышты. Алардын көбү өрттөн эмес, жүрүп бара жаткан поездден секирип жибергени үчүн каза болгон

Бүгүн, 31-октябрда Пакистандын Пенжаб провинциясында жүрүп бара жаткан поезд күйүп кетип, 65 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Поезд Карачи шаарынан Равалпиндиге кетип бара жаткан. Өрттүн чыгышынын себеби алдын ала маалыматтар боюнча, тамак жасоо үчүн колдонулган газ баллон жарылып кеткендигинен улам болгон. Андан чыккан өрт үч вагонду каптаган.
"Көпчүлүк каза болгондор өрттөнүп жаткан поездден секирип кеткендер. Дагы ондогон адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул иштин чоо-жайы теришитирилип жатат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2019-10-31 16:08:49
Кудайым сакта боодо кырсыктан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан