Ырчы Кызсайкал Кабылова 30-октябрь күнү кесиптеш, досторунун курчоосунда туулган күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Кызсайкал SUPER.KG порталына билдирди.
"Негизи туулган күнүм 31-октябрда, бирок ал күнү жумуштарым болгонуна байланыштуу бир күн мурун белгилөөгө туура келди. Буга чейин туулган күнгө маани берчү эмесмин. Мен үчүн кайгылуу майрамдай сезилчү. Бой жеткенден бери курбу-досторумдун арасында биринчи жолу 20 жашымда туулган күнүмдү тостум. Мага аябай жакты. Күндө эле туулган күн өткөргүм келип калды (күлүп). Өздүк майрамымда конокторум сумка, кооз бижутерияларды, көйнөктөрдү, таттууларды белек кылышты. Туулган күнүмө Анжелика, Калыс Жакыпов, Бегимай Карабаева, Айпери Сыдыкова, Мурадил Данияров, Тима Мукашев, айтор, көп коноктор куттуктап келишти", - дейт Кызсайкал.