Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды.
Мыйзам долбооруна ылайык, уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.
"Макул" деп 110, "каршы" деп 1 депутат добуш берди. Депутат Азамат Арапбаев "каршы" деп добуш берди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Алмамбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов, Канат Керезбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Бактыбек Турусбеков, Дастан Бекешев жана Алтынбек Жунус уулу.