Белгилүү төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов уулдуу болду. Экинчи ирет ата болгон акынды куттуктап байланышканыбызда, ал буларга токтолду.
"Жубайым Перизат бүгүн, 31-октябрда борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринде уулубузду жарык дүйнөгө алып келди. Азырынча уулубуздун салмагын, боюн өлчөй элек. Уулубузга ысымды кеңешип анан ыйгарабыз. Эне-баланын акыбалы жакшы", - дейт ал.
Асылбек Маратовдун жубайы Перизат Ишенбекова радио тармагында иштейт. Жубайлар 2 жыл мурда уулдуу болушкан.