Депутат Тазабек Икрамов өкмөткө жерлерди трансформациялоо маселесин чечүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүн Жогорку Кеңештин алдына жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылган жарандар митингге чыгышты. Жерлерди трансформациялоо маселесин өкмөт бүгүнкү күнгө чейин чечпей жатат. Жер көчкүдөн кыйналган элдин да маселеси чечилбей турат. Бул боюнча премьер-министрге протоколдук тапшырма берүү керек", - деди Икрамов.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөт башчыга протоколдук тапшырма бериле турганын айтты.
Бүгүн, 31-октябрда жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай жүргөн 40тай адам Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты.