"Түндүктүк келин" тасмасында келиндин ролун жараткан актриса Рахат Аксултанова кайрадан келиндин ролунда. Жаңы тартылып жаткан тасмасы тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда жаңы комедиялык толук метраждуу тасмага тартылып жатам. Ал жакта да жаңы турмушка чыккан келиндин ролун жаратам. Тасманын аталышы "Тойmaker", Улук Байбаев режиссёрлук кылууда. Азырынча качан экранга чыгары белгисиз," - дейт Рахат.