Вьетнамдын Дананг шаарында Азия футбол конфедерациясынын 2019-2023-жылдык чакыруусундагы аткаруу комитетинин экинчи жыйыны өттү. Бул жыйында Борбор Азия аймагын (CAFA) Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов көрсөтөт.
Жыйында АФКнын Чемпиондор Лигасында командалардын саны 40ка чейин көбөйтүлүп, чыгыш жана батыш аймагынан 4 командадан кошулат. Бул мелдештин популярдуулугун арттырууга болгон кадам болуп саналат.
Ошондой эле кыз-келиндер арасындагы 2022-жылкы Азия чемпиондугунда дагы төрт команда кошулат. Эми 8 эмес, 12 команда катышат. АФКга Кытай, Тайбэй, Индия жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн мелдешти кабыл алуу боюнча сунуш түшкөн.