АКШнын Батыш Виржиния аймагында студент Сидни Уолд 27-октябрь күнү театрдан үйүнө бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Анын канга боёлгон турпатын көргөндөр кызды каза болду деп ойлошкон. Бирок ал болгону Хеллоуин майрамына жасалган грим болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Сидни актёрдук курсту аяктаган. Окуя болгон күнү Хеллоуин майрамына карата Стивен Кингдин белгилүү чыгармасынын негизинде коюла турган музыкалык пьесада Кэрринин ролун репетиция кылган. Бул окуя тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. Эки күн ичинде анын постуна 350 жакты белгиси коюлуп, 65 миң жолу бөлүшүлгөн.
Сидни Уолддун айтымында, ал пьесаны театрда репетиция кылгандан кийин чарчап тургандыгына байланыштуу гримин жуубай жана кийимин алмаштырбастан эле унаасына отуруп, үйүн көздөй бет алган. Ал жолдун ортосуна чуркап чыккан бугудан качам деп унаасын башкара албай калган. Кырсыктан Сидни Уолд эч кандай жаракат алган эмес. Бирок окуяга күбө болгондорду жана "Тез жардам" кызматкерлерин аябай эле коркуткан. Канга боёлгон студентти окуянын күбөлөрү жана "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери алгач каза болду деп ойлошкон. Бирок кыз андагы кан болгону грим экендигин айтып, элди тынчтандырган. Сидни Уолддун айтымында, анын ата-энеси окуя болгон жерге келгенге чейин "Тез жардам" кызматкерлери менен күтүп отурганда полиция кызматкерлери келишкен. Башынан бутуна чейин канга боёлгон кыз менен "Тез жардам" кызматкерлери жайбаракат сүйлөшүп отурганына таң калган полиция кызматкерлери "Чындап эле кызга медициналык жардам кереги жокпу?" деп сурашкандыгын да кошумчалаган.