Ош шаарында жөө адамды КамАЗ тебелеп кеткен окуянын видеосу. Маркум 68 жашта болгон

Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасындагы айланма жолдо КамАЗ тебелеп кеткен жарандын аты-жөнү такталды. Маркум Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын 1951-жылы туулган жашоочусу болгон. Мындай маалыматты шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Каза болгон жарандын жакындары маркумду таанып, анын жансыз денесин алып кетишти. Алдын ала маалыматтар боюнча маркум мас абалында болгон. Бирок бул маалымат тактала элек. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда айдоочу тергөө бөлүмүндө", - деди маалымат кызматынан.

Окуя кечээ, 30-октябрда орун алган. Анда жолдон өтүп бара жаткан 35-40 жаштар чамасындагы жөө адамды жүк ташуучу унаанын айдоочусу көрбөй тебелеп кеткен.

Кырсык күбөлөр тарабынан видеого тартылып алынган. Видеодон жолдун ортосунда эс-учу жок жаткан жабырлануучуну, анын жанында нес абалында отурган айдоочуну көрүүгө болот.

Ош шаарында КаМАЗ тебелеп кеткен окуя
Оштогу жол кырсыгы: Жөө жүргүнчү мүрт кетип, айдоочу нес абалда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2019-11-01 09:05:57
ооба уктум эле кечээ башы узулуп кеткен дейт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан