Санкт-Петербург шаарында азыркы Орусиянын президенти Владимир Путиндин 23 жаш курагындагы мүнөздөмөсүн көрсөтүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Бул Борбордук мамлекеттик архивдин 90 жылдыгына арналган көргөзмөдө көрсөтүлүп, анда алдыңкы мамлекеттик ишмерлердин сыр болгон документтери ачыкталды.
Мүнөздөмөдө Путин КГБнын комсомолдук уюмдар башкармалыгынын каттоосунда 1975-жылдан бери турат жана ал мамлекеттик коопсуздук кызматында тартиптүү, уюштуруу жана спорттук иштер боюнча жооптуу кызматкер деп жазылган. Ошондой эле Владимир Путин спорт менен машыгып, СССРдин дзюдо жана уруш самбо боюнча спорт чебери, Ленинграддын 1976-жылкы чемпиону деп жазылган.
"Чыдамдуу жана жумуштагы кызматкерлер, жоро-жолдоштор арасында кадыр-баркка ээ", - деп жазылган анда.