Ташкентте өтө турган Өзбекстан менен Кыргыз футболчуларынын жолдоштук беттештин билеттеринин баасы 38 сомдон башталат.
Жолдоштук беттеш 9-ноябрда Ташкенттин "Пахтакор" стадионунда өтөт. Бул оюнга болгон эң арзан билеттин баасы 38 сом болсо, эң кымбат VIP-билеттер 260 сомго бааланат.
Биринчи категориядагы билеттер - 38 сом (5 миң сум)
Экинчи категориядагы билеттер - 75 сом (10 миң сум)
VIP-билеттер - 260 сом (35 миң сум)