Актёр жана "тамашоучу" Рүстөм Аскенов 26-октябрда сүйүктүүсү Гүлзада Мүзүралиевага баш кошкон. Бүгүн, 31-октябрда таттуу түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөт тою борбордогу тойканалардын биринде өттү.
Эки жашты залга жар-жар ыры менен Гүлзат Байзакова алып кирди. Тойго эки жаштын ата-энелери, жакындары жана кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү келишти. Оюн-зооктор менен коштолгон кечеде эки жаш ак бийге түшүштү.
Рүстөм Аскенов 1991-жылы 4-октябрда Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча тиш доктур. Бирок кичинесинен эле чыгармачылыкка кызыккандыктан, мындан 9 жыл мурун "Тамашоуга" келген. Көпчүлүк адамдар аны "Бир мешок акча" тасмасындагы ашпозчунун ролу аркылуу таанышат.