ММА мушкери Конор Макгрегор Дагестан элинин намысына шек келтирип сүйлөгөндүгү үчүн, ага карата Орусия прокуратурасына арыз түштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Ага ылайык, UFC чемпиону Москвада өткөн маалымат жыйынында сүйлөп жатып, “бүткүл Дагестан эли коркок жүрөк, качып эле жүрөт”, - деп айтып алган.
Буга байланыштуу Дагестандын коомдук палатасынын өкүлү Султан Хамзаев прокуратурага кайрылып, аны жазага тартууну өтүнгөн. Анда ал: “Макгрегордун сөзү интернет айдыңына тарап, дүйнө элдери Дагестан эли тууралуу угушту. Анын расисттик сөздөрү миллиондогон тираждар менен дүйнө жүзүнө тарап кетти. Андыктан кылмыш-жаза кодексинин “жек көрүүнү жана кастыкты козгоо” боюнча беренеге ылайык жазага тартууну суранабыз. Ошондой эле анын Дагестан элинин алдында кечирим сурашын талап кылабыз”, - деген Хамзаев.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Макгрегордун бул жоругу атайын даярдалган саясий мүнөздөгү билдирүү болгонун айтышууда.