Бүгүн, 1-ноябрда күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат. Анда 4 салмак категориясында кыргыз балбандары килемге чыгышат.
55 килограмм салмакта, 1/8 финал
Сардарбек Конушпаев - Мухаммед Насерпур (Иран)
63 килограмм, 1/16 финал
Элмар Талантбек уулу - Бенжамим Корреа Жу (Португалия)
77 килограмм, 1/16 финал
Ринат Ильяз уулу - Вахе Погасян (Армения)
87 килограмм, 1/8 финал
Мелис Айтбеков - Даниел Эччеверия (Куба)