WhatsАpp тиркемесинде бармак издери менен кирген функция пайда болду

Android үчүн WhatsApp тиркемесине бармак издерин коюп кирүү жаңы функциясы пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ага ылайык, WhatsApp тиркемесиндеги жеке маалыматты коргоо максатында ушундай программа ишке кирген.

"Эми Android колдонуучулары өзүнүн WhatsApp тиркемесине манжаларынын издерин сактап, билдирүүлөрүнө чектөө койсо болот. Бул учурда коргоо системи бармак ээсинен башкаларды жеке тиркемедеги билдирүүлөргө киргизбейт", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, бул функцияны тиркеменин түзөтүү деген жерине кирип, оңой эле активдештирип алса болот. Ошондой эле жакында Android үчүн WhatsApp тиркемесине жүзүнөн таануу функциясы кошулары да белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Paprikafm
2019-11-01 17:31:51
Кандай кылсам болот тушунгондор айтып койгулачы
0
Aziat25
2019-11-01 19:51:21
Билгендер жазып койгула.
0
Oliver
2019-11-01 20:33:12
Ватсаптын настройка деген жерине кирип бассанар приватность деген жазуу бар ошол жакта.
-3
Assalomuallekum
2019-11-07 20:05:55
Менде иштей баштады группа эчким кошалбайт эми мени
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан