Бишкекте эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековду тосуп алышты

Бүгүн, 1-ноябрда 23 жашка чейинкилер арасында эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмак категориясында дүйнө чемпиондугун жеңип алган Улукбек Жолдошбеков Бишкекке учуп келди. Спортчуну "Манас" аэропортунда салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Балбанды спортчунун ата-энеси, туугандары, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, өлкөнүн Күрөш федерациясынын вице-президенти Мэлис Тургамбаев, күрөш боюнча Азия конфедерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Талант Жекшенов жана күйөрмандар тосуп алышты.

Улукбек Жолдошбеков Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиондугунда жалпысынан беш кармаш өткөрүп, өз салмагында мөөрөйдү берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
PatriotKG01
2019-11-01 13:21:31
Типография жактагы залда тренировка кылат беле?
0
souza.j
2019-11-01 13:35:28
Айсулууга эле окшошпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан