Кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, мындан ары уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.
SUPER.KG порталы "Коомчулуктун, жарандык коомдун кескин каршылыгынан улам Жогорку Кеңеш уран казууга тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алды. Дагы кайсы маселе боюнча коомчулук бекем позициясын көрсөтүүсү керек?" деген собол салды.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков коомчулук Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү бардык маселелерде бекем позициясын көрсөтүүсү керектигин баса белгиледи.
"Биз, негизи мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандарыбыздын көпчүлүгү "кыйын болгону үчүн, башы иштегени үчүн иштеп жатышат. Алар улуттук кызыкчылыктарды коргошот" деген ишенимде жүргөнбүз. Алар менен сүйлөшө келгенде башкача, текстти окуй келгенде, айтор сүйлөйүн деп, ооздорун ачканда элдин баарынын оозу ачылып калбадыбы. Жогорку кызматтагы адамдардын деңгээлин көргөндө аргасыздан алардын кабыл алган чечимдери деле сапаттуу болбосо керек жана улуттук кызыкчылыкты деле эске албаса керек деген ой келет экен.
Чынында эле, Бишкек ЖЭБи боюнча долбоорду өткөрүп жатышканда техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле, долбоордун детализациясын карап чыкпай эле, адистерге терең талдоо жасатпай, бирөөлөр "Өткөргүлө!" дегени үчүн эле өткөрүп салгандары - мамлекетибизге жасалган чыккынчылык. Дагы кайсы келишимде кандай чыккынчылык камтылган деген жүрөк өйүү дайыма бар. Көңүлүм тынч эмес.
Кадрдык саясат качан, кандай жолдор менен бузулду деген диагнозду так коюп, ошол жерден оңдоону баштабасак, сабатсыз кадрлар сабатсыздарды чакыра берип, чечим кабыл алуучу инстанциялардагы массалык сабатсыздык мамлекеттүүлүгүбүздөн ажыратып коюшу толук ыктымал.
Азыркы заманда бир өлкө башка өлкөнү күч менен басып албайт. Өзүнө жакын адамды коррупциялык жолдор менен каржылап, жогорку кызматтарга алып келишет да, каалаган чечимдерин чыгартышат. Тилекке каршы, анын мисалдарын бүгүн чек ара маселелеринде дагы көрүп жатабыз.
Өлкөбүздөгү акыл-эси ордунда болгон жарандар айгай көтөрүп, ким кайсы тармакты түшүнсө, ошол тармактагы чечимдерди көзөмөлдөө убактысы келди. Мейли, ал кабыл алынып калган чечимби же эми каралып жаткан чечимби, айырмасы жок. Той-топур, мааракелерден баш көтөрүп, элди ойлой турган убакыт келди. Той-топур жана мааракелер элди негизги маселелерден алаксытчу факторлор экенин май-чучукту жакшы көргөндөр эске алып коюусу зарыл", - дейт Исаков.