АКШнын жараны өзү баккан жыландын курмандыгы болду. АКШнын Индиана штатындагы Оксфорд шаарында моюнуна жылан оролуп алган аял кишинин жансыз денеси табылды. Ал узундугу 2 жарым метр болгон чаар питон экендиги аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каза болгон жаран 36 жаштагы Лора Херст болгон. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери жыланды аялдын моюнунан алууга үлгүргөн, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Аялга дем жетпей каза болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Маркумдун жансыз денеси табылган үйдө 140 жылан болгондугу аныкталган. Үй атайын серпентарий менен жабдылган. Ал жерге Дональд Мансон аттуу жаран ээлик кылып, жыландарды көбөйтүп, багып келген. Маалыматта каза болгон аял өзү дагы герпентологияга кызыккандыгы, ошондой эле анын менчигинде 20 жыланы бар экендиги айтылган. Алар Дональд Мансондун үйүндө болгон жана Лора жыландарды мезгил-мезгили менен көрүүгө келип турушу мүмкүн экендиги жазылган.