Кечээ, 31-октябрда “Ислам мамлекети” уюмунун мүчөлөрү лидери Абу Бакр ал-Багдадинин өлтүрүлгөнүн расмий түрдө билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бугүн, 1-ноябрда аталган уюм өздөрүнө жаңы лидер тандашканын жарыя кылышты.
“Ислам мамлекети” уюмунун лидери болуп Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши шайланды. Ал “жихаддын ветераны” экени белгилүү. Андан башка маалымат жокко эсе”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, 27-октябрга караган түнү Сириянын Идлиб провинциясында "Ислам мамлекети" уюмунун лидери Абу Бакр ал-Багдадини жок кылуу боюнча АКШнын операциясы жүрүп, ага 8 учак катышкан.