30-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда аскер кызматкерлери катышкан жол кырсыгы катталган.
Анда капитан Н.И. каза таап, лейтенант Э.Ж. оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылган.
Башкы Штабдын маалымат кызматынан бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына ооруканада жаткан аскер кызматкеринин абалы тууралуу билдирди.
"Жол кырсыгынын кесепетинен ооруканада жаткан лейтенанттын абалы турукташты. Бирок ал ооруканадан чыгарыла элек" , - деди басма сөз кызматынан.
Ал эми укук коргоо органдарындагы өздүк булактар бул кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.